7-октябрда Кыргызстанда системаны жана бизнести талдоо боюнча биринчи эл аралык конференция өтөт

  • 10 месяцев мурун

 7-октябрында Кыргызстанда системаны жана бизнести талдоо боюнча биринчи эл аралык конференция өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын колдоосу аркылуу Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Борбор Азиядагы I аналитикалык курултай – Кыргыз Республикасындагы системаны жана бизнести талдоо боюнча I эл аралык конференция өткөрүлөт. 

Кыргыз Республикасынын бизнес-аналитиктеринин коомчулугу Беларустан, Орусиядан, Кипр Республикасынан, Казакстандан тажрыйбалуу спикерлерди чакырган. Алар баалуу жана пайдалуу тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр. Спикерлер «Газпромнефть – Санариптик чечимдер», «EPAM Systems», «Сбербанк», «Geek Brains», «Escalate», «ЮниКредит Банк», «VEB Technologies» ж.б. сыяктуу компанияларда иш алып барган жана иштеп келет. 

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын бизнес-аналитиктеринин коомчулугу 2022-жылдын жазында түзүлгөн жана анын 400дөн ашуун катышуучусу бар. Коомчулук баяндамалардан баштап практикалык мастер-класстарга жана сессияларга чейин 10дон ашуун акысыз иш-чараларды өткөргөн. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты