7-мартта Бишкектин айрым конуштарында суу өчүрүлөт

  • 5 месяцев мурун

7-мартта Бишкектин айрым конуштарында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү району:

•«Ала-Тоо 1», «Ала-Тоо 2» турак жай конуштарында саат 9:00дөн 10:00 гө чейин.

Ичүүчү сууну өчүрүү «Ала-Тоо» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты