7-каналдын директору Журналисттер союзунун төрагасы болуп шайланды
- 2 года мурун
4-октябрда Кыргызстандагы Журналисттер союзунун жыйынында 7-каналдын жетекчиси Илязбек Балташев Журналисттер союзунун төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
Ал Журналисттер союзунун төрагасы болуп шайлануу чоң сыймык жана жоопкерчилик экендигин айтып, журналисттердин укугу жана коопсуздугу тууралуу да сөз козгогон.
«Журналисттердин укуктарын жана коопсуздугун коргоо – бул дагы бир маанилүү маселе. Кесиптештерибиздин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эл аралык уюмдар жана мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташууга даярбыз»,-деген ал.
Илязбек Балташев 2021-жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматында иштеп кеткен.
Ал эми 1991-жылдан бери Журналисттер союзуна Абдыкадыр Султанбаев төрагалык кылып келген.
Сүрөт: Илязбек Балташевдин Фейсбук баракчасынан




