7 айда 85,9 миллиард сом салык жыйналды

  • 2 года мурун

7 айда 85,9 миллиард сом салык жыйналды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Январь-июль айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 85 миллиард 988,9 миллион сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады.

Белгиленген план 1 миллиард 349,4 миллион сомго ашыгы менен чогултулган (101,6 пайызга аткарылды).

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 30 миллиард 442,1 миллион сомго көп жыйналган (өсүү ыргагы 154,8 пайызга).

Салык боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыкча аткарууга салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторингдөө боюнча иштердин аркасында мүмкүн болду.

Ошондой эле, «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоору, анын ичинде электрондук эсеп-фактура, контролдук-кассалык машина, ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу боюнча «Жыйынды пост» системасы жана башка ишке киргизилиши да оң таасирин тийгизүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты