7-9-июнда аба ырайынын температурасы кескин жогорулайт

  • 1 год мурун

7-9-июнда аба ырайынын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°;Талас облусунда 33…38°ка чейин жогорулашы күтүлөт.

«Мындай кургак ысык аба ырайында күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө аракет кылыңыз. Сууну көбүрөөк ичип, ысык өткөрүп алуудан сак болуңуз. Жогорку кан басым, жүрөк оору менен жабыркагандар бул күндөрү сыртка жана сапарга чыгуудан баш тартып турууга чакырабыз», — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты