7-8-ноябрь – тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү
- 2 месяца мурун
7–8-ноябрь – Тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов кыргызстандыктарды аталган мамлекеттик майрамдары менен куттуктады.
«Бул күндөр ар бирибизди ата-бабаларыбыздын эркиндик жолундагы күрөшүн, Мекенге болгон ак ниет кызматын урматтоо менен эскерүүгө, өткөн тарыхтан сабак алууга жана бүгүнкү күндүн баасын билүүгө чакырат. Кылымдардын катаал сыноолорунан өтүп, эл катары сакталып калган кыргыз эли өзүнүн мүнөзүнүн бекемдигин, туусуна болгон берилгендигин тастыктап келет. Эки миң жылдан ашуун тарыхка ээ болгон элибиз бүгүн өз алдынча мамлекет куруп, дүйнөлүк коомчулуктун тең укуктуу мүчөсү катары өнүгүү жолунда ишенимдүү кадам таштап келе жатканы – бул тарых алдындагы зор жетишкендик» деди Иманкулов.
«Ошол эле учурда бул жол гүлдөп өнүккөн доорлор менен гана эмес, кайгылуу жоготуулар жана трагедиялуу окуялар менен да коштолгон. Элдин биримдигин сактап, мамлекеттүүлүктү түптөө жана коргоо үчүн жанын аябай күрөшкөн, ысымы тарыхта ардактуу ат менен калган улуу инсандардын эрдиги – бүгүнкү эгемендүүлүктүн негизги таянычы болуп саналат.
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү биз тоталитардык доордун караңгы мезгилинде курман болгон жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөгөн көрүнүктүү инсандар түнөк тапкан Ата-Бейит мемориалдык жайына башыбызды иебиз. Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев, Иманаалы Айдарбеков сыяктуу залкар инсандардын ысымдары кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталат. Алар – улуттун тагдырын өз тагдырынан жогору койгон, элинин келечеги үчүн өмүрүн арнаган азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн – Журт аталары. Алардын өмүр жолу – эркиндик, адилеттик жана элге берилгендиктин үлгүсү. Аларды эскерүү – бул жөн гана тарыхый иш-чара эмес, улуттук аң-сезимди чыңдоо, кийинки муунга тарыхый чындыкты жеткирүү жана мамлекеттүүлүккө болгон жоопкерчиликти тереңдетүү болуп саналат» деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой эле бул күндөрдө «репрессия курмандыктарын гана эмес, акыркы жылдары чек арада Мекендин бүтүндүгүн сактоо үчүн курман болгон баатыр уул-кыздарыбызды да эскерүүгө тийишпиз. Алардын ысымдары – бүгүнкү тарыхыбыздын ажырагыс бөлүгү. Демек, бул күн – улуттук биримдикти бекемдөөгө, патриоттук духту чыңдоого жана тарыхый адилеттикти калыбына келтирүүгө багытталган күн» деп билдирди мамлекеттик катчы.
7-8-ноябрь тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү күнү 2018-жылдан бери белгиленүүдө. Ага чейин Октябрь Революциясынын майрамы катары эсептелип келген.
7-8-ноябрь күндөрү мамлекеттик майрам, бирок жумушчу күн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин билдиришинче, 7-ноябрда жумуш майрамдын урматына бир саатка кыскартылат, ошондой эле 8-ноябрь кимдерде жумушчу күн болсо, анда да жумуш бир саатка кыскартылат. Мурдагы эмгек кодекси боюнча, 7-8-ноябрь күндөрү жумушчу эмес күн деп эсептелчү.
Сүрөт: president.kg




