Дипломатиялык кызматтын беделин чыңдоо керек!

 

Дипломатиялык кызматтын беделин чыңдоо керек!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз дипломатиясынын бүгүн, 24-октябрдагы, кесиптик майрамы менен мамлекет башчы куттуктады.  

Сооронбай Жээнбеков куттуктоосунда буларга токтолду:

“Дипломаттарга өзгөчө милдет жүктөлгөн. Сиздер мекенчил болуп, бир нече чет тилин билип, ак ниет жана үзүрлүү кызматтын үлгүсүн көрсөтүшүңүздөр керек. Себеби сиздер аркылуу мамлекетибизди таанып билишет.

Дипломаттар ар тараптан билимдүү болуп, алардын саясий аң-сезими терең, маданияты бийик жана жоопкерчиликтүү болушу керек. Мамлекеттик кызыкчылыктарды жана кесиптик салттарды бекем сактоого тийиш. Соңку мезгилде дипломатиялык кызматтын беделин чыңдоо зарылдыгы пайда болду. Кызматкерлердин ырааттуу карьералык жана кесиптик жактан өсүшү үчүн өбөлгө түзүү жана жаңы муундагы дипломаттарды даярдоо абдан маанилүү.

Азыркы эл аралык кырдаалдын динамикасы жана жаңы коркунучтардын, чакырыктардын пайда болушу сиздерден аларга ыкчам жооп берүүнү, таразаланган жана жооптуу чечимдерди кабыл алууну талап кылат.

Соңку мезгилде биз союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен өз ара мамилени чыңдап жана тереңдетип, глобалдык, региондук уюмдардын, интеграциялык бирикмелердин алкагында тыгыз мамилени түзө алдык. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен өз ара түшүнүшүүгө жана кызыкчылыктарды сактоого негизделген ар тараптуу, өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдүү өнүктүрүп жатабыз”—деди Президент куттуктоосунда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты