Депутат Жамангулов “Мегакомго” жетекчи болуп кетти

Депутат Жамангулов “Мегакомго” жетекчи болуп кеттиЖогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун («Мегаком» мобилдик компаниясы) башкы директорлугуна дайындалды. Компаниянын акциясына 100% ээлик кылган Мамлекеттик мүлк фонду ушундай буйрук чыгарды.

Бүгүн 30 жашка толгон Акылбек Жамангулов Жогорку Кеңештин «Республика – Ата-Журт» фракциясынын депутаты.

“Мегаком” деген ат менен таанымал “Альфа Телеком” жабык акционердик коому 2009-жылы түзүлгөн. Ишкана 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин улутташтырылып, толугу менен Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өткөн. Кыргыз өкмөтү аны 2015-жылы сатыкка чыгарып, бирок ар кандай себептер менен бир да жолу тендер ийгиликтүү өткөн эмес. 2017-жылы анын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго бааланып, түз сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Бирок бул ирет да сатылган эмес. Аукционго бир нече жолу коюлуп, бирок сатылбай келген «Альфа-Телеком» биротло мамлекеттин менчигинде калары бир күн мурда белгилүү болгон.

«Альфа Телекомду» 2012-жылдан бери Азат Базаркулов жетектеп келген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты