Кол  өнөрчү кооперативин уюштурган

Кол  өнөрчү кооперативин уюштурганМарипа Тажиева Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында “Таң бийке” аттуу кооператив уюштурганына он жыл болду. Он кыз-келинди иштетет. Ал тууралуу кол өнөрчү айтып берди.  

—Кол өнөрчүлүк мага апамдан өткөн экен. Жаш кезимде китепканачы болуп иштеп, кол өнөрүн, хобби деп коёсуңар го, ошондой көрүп, бош убакта гана кармачумун. Кийинчерээк муну кесип катары көрүп, жашоо арбайын сого баштадым. 2006-жылы кол өнөрчүлүк кооперативин уюштуруп, он келин-кызга жумуш бердим. Алардын бешөө азыр жаш балдары менен үйдө, бешөө туруктуу иштейт. Ар кандай көлөмдөгү шырдак, олтургуч жапкыч жана башка буюмдарды жасайбыз. Шырдактын чарчы метрин төрт миң сомдон сатабыз. Ал эми жергиликтүү кардарларга андан арзаныраак деле сата беребиз. Азыркы учурда он бештей шырдагыбыз бар.

Кол  өнөрчү кооперативин уюштурганБир жылы швейцариялыктар келип, кой кыркып, жүнүн алып жууп, сабап, жип ийрип, боёп, кийиз тээп, ийлеп жаткан бардык иш процессин телекөрсөтүүгө тартып кетишкен.

Биздин кооперативде менден да кыйын жаштар бар. Мен шырдакка оюуну үлгү менен салсам, Жазгүл аттуу кыз оюуну өзү тартат. Учурда бир кыйынчылыгыбыз — интернетке кире  албай турабыз. Эгер интернетке чыга алсак, кардарларыбыз дагы көбүрөөк болмок деп ойлойбуз. Биздин шырдак көпкө чыдамдуу, ден соолукка пайдалуу, айрыкча кыздын себине ылайыктуу, -дейт айылдагы кооператив башчысы.

Айгүл Бакеева

Сүрөттө: Марипа Тажиева кол өнөрчүлүк буюмдары менен

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты