Алмаз Тажыбай:“Окуу китеп чыгарууда эч ким эч нерсеге жооп бербегидей процедура түзүлгөн”

Алмаз Тажыбай:“Окуу китеп чыгарууда эч ким эч нерсеге жооп бербегидей процедура түзүлгөн”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КР Билим берүү министрлигинин алдындагы Коомдук Кеңештин мүчөсү Алмаз Тажыбай окуу китептеринин сапатсыз чыккандыгы боюнча комментарий берди.  

2017-2018-окуу жылында Кыргызстанда чыгарылуучу окуу китептери боюнча тендерди “Билим-компьютер” басмасы жана “Архус” басмаканасы жеңип,  окуу китептерин чыгарууга $ 299, 2 миң доллар утуп алган деген маалымат жарыяланган. Эми ошол эки басма жарыкка чыгарган 5-6 –класстары үчүн окуу китептеринин өтө сапатсыз  чыккандыгы маалым болду.   

—Алмаз Тажыбай мырза, жаңы басылып чыккан окуу китептери боюнча коомчулукта бир катар сын-пикирлер айтылып жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү катары буга  кандай комментарий бересиз?

—Министрликтин алдындагы Коомдук кеңеш, бул жылы чыккан окуу китептери боюнча гана эмес, Билим берүү жана илим министрлигинин мындан бир канча жылдан берки, дегеле окуу китептерин басып чыгаруу процедурасындагы кемчил жактарды айтып келе жатабыз. Бизди анда эч ким тыңшаган эмес. Министрликтин окуу китептерди басып чыгаруу боюнча процедурасын карасаңыз, ал жерде эч ким эч нерсеге жооп бербегидей болуп калган. Окуу китептеринин мазмуну, чыгарылышы боюнча нааразылыктар, көйгөйлөр бир нече жылдан бери эле айтылып келе жатат. Окуу китептерин басып чыгаруу боюнча министрликтин  процедурасы так иштелип чыккан эмес. Эми окуу китептери өтө сапатсыз чыгып калганда, коомдо сын-пикирлер күчөгөндө гана министрлик ишке кирише баштады.

Жакында Билим берүү жана илим министрлигинде Координациялык кеңештин жыйыны өтүп, китеп басып чыгарууга тиешелүү тараптар  маселени ортого салды. Эми окуу китептерин басып чыгаруу процедурасын кайра карай башташты. Мисалы окуу китептерин басып чыгаруунун ар бир баскычында ким эмнеге жооп бериш керек, алардын баары так болуш керек да.

Министрлик  окуу китептерин басып чыгарган басманы, басмакананы эле күнөөлөп олтура бербеши керек. Заказчы Билим берүү жана илим министрлиги болгондон кийин, китеп басып чыгаруунун ар бир этабында алар көзөмөл функциясын күчөтүш керек.

—Окуу китептерин басып чыгарууга заказчы болгон Билим берүү жана илим министрлигинин  күнөөсү канчалык?

—Мыйзам боюнча билим берүү министрилиги күнөөлүү эмес болуп калып жатат. Бирок китепке заказчы министрлик болгондон кийин,  окуу китептеринин кандай сапатта жарыкка чыгарылышын көзөмөлдөшү керек да. Аны аткара албай калгандардын баарынан мойнунан  жоопкерчилик алынган эмес.

Ошондой эле тендерди өткөрүү жагын да караш керек.  2000-жылдардан бери тендерде эмнеге эки басма эле (“Билим-компьютер” жана “Архус” –ред.) жеңе берет? Бул жагынан да мыйзамдуулуктун сакталышын териштириш керек. Кыргыз Билим берүү академиясында иштеп кеткен киши тендерде жеңип чыккан басманын биринин учредители болуп чыгууда. Бул жерде кызыкчылыктардын кагылышы болуп жатат.

—Кандайча?

—Бизде окуу китептерин басып чыгарууда үч кожоюн бар.  Китептин заказчысы— Билим берүү жана илим министрлиги, окуу китептеринин стандартына шайкештигин Кыргыз билим берүү академиясы карайт. Автордук топту комиссия тандайт. Комиссия тандаган окуу китептеринин билим берүү стандартына шайкештигин Кыргыз билим берүү академиясы текшерет.  Текшерүүдөн өтүп, уруксат берилген китепти басма басмаканага тапшырат. Кыргыз Билим берүү академиясы авторлордун китептеринин акыркы вариантын бекитип берет.

Китепти чыгарган басманын учредители мурда Билим берүү академиясында иштеп кеткен болуп жатпайбы.

—Акырында китеп басып чыгарууга ким күнөөлүү болуп жатат? 

—Азырынча окуу китептерин басып чыгарууга жооптуу жана күнөөлүү катары аны жарыкка чыгарган басманын аты аталууда.   Ошондон улам жарыкка чыккан окуу китептердин айрымдарын, мисалы география китебин, оңдолгондон кийинки вариантын, басмаканадагылар кайра басып чыгарганы жатат. Калган китептер кимдин эсебинен кайра басып чыгарылат, анысы азыр белгисиз.

Басманын жетекчилеринин айтуусу боюнча, окуу китептеринин акыркы, сигналдык варианты авторлор менен макулдашылбастан,  басууга даяр эмес, “черновой” варианты боюнча жарыкка чыгып кеткен. Андай болушу мүмкүн эмес. Эгер ошондой болсо, анын себебин такташ керек. Ал эми басмакананын корректорлору Билим берүү министрлигиндеги окуу китептерин талкуулоо боюнча жыйынга келбей коюшту. Мында да бир мандем болушу мүмкүн.

Окуу китептеринин авторлору кыргызча жазган болсо, аны орусчага которушат экен, ошол котормодон да мүчүлүштүк кеткен деп айтылууда.

—Сапатсыз чыккан китептер мектептерде сыноодон өткөн экен. Аны сынагандар да кемчиликтерди көрбөй калыштыбы? 

—Жарыкка абдан сапатсыз чыгып кеткен ошол китептер 60 тай мектепте сыноодон өткөн. Ал сыноо кагаз жүзүндө эле жүргүзүлгөн деп айтууга болот. Анткени 60 мугалим ал китепти сыноодон өткөрсө, алардын бири да окуу китептеринин кемчил жактарын байкабай калмак беле?   Демек, китептерди сыноо формалдуу өткөн деп айтууга болот.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай—китептерди сыноого катышкан мектеп мугалимдерин эч кандай шыктандыруу, мотивация жок.  Башкача айтканда аларды материалдык жактан кызыктырышпайт. Министрликтин  Коомдук кеңеши мыкты мугалимдерди тандап, аларга окуу китептерин сыноодон өткөрүш үчүн кошумча каражат төлөп бериш керек деген сунуш киргиздик.

Министрлик  эми Чүйдө жана Бишкекте окуу китептерин сыноодон өткөрөбүз деп жатат. Китепти сынай тургандарга каражат каралыш керек. Болбосо, сыноодон өтүү жагы дагы эле формалдуу боло бергидей.

Мурдагы жылы Коомдук кеңеш Чүй, Ысык-Көлгө чыгып, мектептердин китепкана фондун карап жатканда, сыноо болуп жаткан мектептерде бир катар сунуш, кемчиликтерди айтышкан. Алардын баары окуу китептерин басып чыгаруучуларга берилиши керек.

Маектешкен Айгүл Бакеева

Сүрөттө: Алмаз Тажыбай. Автор тарткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты