“О” мобилдик оператору лицензияны мыйзамсыз алганы боюнча кылмыш иши козголгонун Башпрокуратура тастыктады

“О” мобилдик оператору лицензияны мыйзамсыз алганы боюнча кылмыш иши козголгонун Башпрокуратура тастыктады“О” уюлдук оператору эки лицензияны мыйзамсыз алды деген иш боюнча кылмыш иши козголуп учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы  маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчилигине “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды” жана “Мамлекеттик сатып алууда жеке кызыкчылыгын негизинде иш алып барган” деген беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

2016-жылы 27-декабрда, КРдин маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, кызмат абалынан пайдаланып, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, “Нур Телеком” ЖЧКсына (“О” уюлдук оператору) эки лицензияны берүүдө мыйзамсыз иш аракеттерди жасаган деген маалыматты Жогорку Кеңештин трибунасынан депутат Айнуру Алтыбаева айтып чыккан.

 “Биринчи лицензия 300 млн сомго сатылса, экинчи лицензия 1000 сомго эч кандай конкурс өкөрүлбөстөн сатылган. Эмне үчүн аукцион өткөрүлгөн эмес? Ал жыштыктарды 300 млн сомго сатып ала турган башка уюлдук компаниялар жок бекен? Бул албетте, мамлекеттик бюджетке чыгым алып келет. Ошондуктан,МУКК жана Башкы прокуратура бул иштеги коррупциялык системаларды аныктап, маселеге юридикалык баа берүүсү керек” деген эле депутат айым.

Маалыматтарга караганда,  биринчи лицензия өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгында ижарага берилген.  Ага ылайык, мамлекеттик бюджетке 300 млн сом төлөнгөн.

Экинчи лицензияны берүүдө  комитет тарабынан аукцион өткөрүлбөй туруп, ижарананын акысы да алынбастан берилген. Болгону, мамлекеттик пошлинага 1000 сом төлөнгөн.

КРдин өкмөтүнүн № 396 токтомуна ылайык, аталган радиожыштыктардын баасы 300 млн сомду түзөт.

Депутаттын айтымында, «Нур Телеком» ачык акционердик коому, банкрот деп жарыяланып ишин токтоткон»Ак Тел» ( FONEX) ачык акционердик коомуна таандык радиожыштыктардын лицензиясын алган.

Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев менен байланышууга аракет кылдык. Бирок, маалымат-кызматы эки күндөн бери маалымат даярдап жатканын айтып, жооп беришкен жок.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты