Суусамырдагы жол кырсыгынан дагы эки өмүр кыйылды

Суусамырдагы жол кырсыгынан дагы эки өмүр кыйылдыБишкек-Ош жолунун 165-чакырымындагы жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн алганын бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кырсык кан жолдун Суусамыр өрөөнүндөгү бөлүгүндө 24-октябрга караган түнү болгон. Оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн Toyota Land Cruiser автомашинасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү каза тапты.

Бишкек-Ош жолунун ушул эле бөлүгүндө (168-чакырымда) бир күн мурда болгон жол кырсыгы да эки өмүрдү алган. Анда Honda Odyssey унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта баратып, рулду башкара албай калган. Натыйжада Бишкектен Ошту көздөй бараткан машина жолдон чыгып, аласалып кеткен. Кырсыктан бир эркек менен аял ошол жерде каза таап, унаадагы беш киши жабыркаган.

Соңку жылдары Кыргызстанда адам өмүрүн алган мындай жол кырсыктары байма-бай катталууда. Маселен, расмий маалыматтарга караганда, былтыр өлкө аймагындагы жол кырсыктарынан 800дөн ашуун өмүр кыйылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты