Жаманкулов эң жаш министр болуп калышы мүмкүн

Жаманкулов эң жаш министр болуп калышы мүмкүнМаданият, маалымат жана туризм министрлигине Азамат Жаманкуловдун талапкерлиги сунушталганын өкмөттөн ырасташты. Жаманкулов 2015-жылдан бери аталган министрликтин жетекчисинин орун басары болуу менен бирге Туризм департаментин жетектеп келүүдө.

Ага чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу катчылыгынын жетекчиси болгон. 2014-жылы «Бүткүл дүйнөлүк этно оюндар» коомдук фондунун вице-президенти кызматында иштеген.

Азамат Жаманкулов эки жогорку билимге ээ. 2008-жылы кыргыз-түрк “Манас” университетинен “Менеджмент жана уюштуруу” адистигин алса, 2011-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетин аяктап, “Финансы” адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон. Азыр 31 жашта, демек анын талапкерлиги колдоо тапса өкмөттүн эң жаш мүчөсү болуп калат.

Мыйзам боюнча, министрлер кабинетинин мүчөсү кызматтан алынып же оставкага кеткен учурда өкмөт башчы жаңы талапкерди Жогорку Кеңешке сунуштап, тийиштүү токтом чыккандан кийин президент үч күн ичинде жарлык чыгарышы керек.

Буга чейинки маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 8-октябрда катуу оорудан улам каза тапкан. Ошондон бери бул орун бош турат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты