Улукбек Кочкоров министрликке сунушталды

Улукбек Кочкоров министрликке сунушталдыМурдагы депутат Улукбек Кочкоров Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына сунушталганын Жогорку Кеңештен ырасташты. Кочкоровду бул кызматка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп, анын талапкерлигин кароо сунушу ЖКнын тиешелүү комитеттерине келип түштү.

Министрдин жана анын орун басарларынын орду 11-октябрдан бери бош турат. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөргө өзүм билемдик менен барган саякаттарын текшерүүнү сунуштагандан кийин Башкы прокуратура алар премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен чет жактарга бир нече ирет барганын ырастаган.

Ошол саякат чырынан кийин министр Таалайкүл Исакунова, орун басарлары Лунара Мамытова менен Жылдыз Полотова кызматтан кеткен. Анын алдында Түштүк Кореяда аэропортто болгон окуя үчүн министрдин дагы бир орун басары Зууракан Каденова кызматтан алынган.

44 жаштагы Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында депутат болгон. Ага чейин салык кызматында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте иштеген. Былтыр президенттик шайлоодо талапкер катары чыгып, таасын программасы жана таамай сөздөрү менен көптүн көзүнө илинген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты