Стартап-ийгилике карай алгачкы кадам. Ийгилик жараткан кыргызстандык стартаперлер

Стартап-ийгилике карай алгачкы кадам. Ийгилик жараткан кыргызстандык стартаперлер   Жеке ишкерлик аркылуу ийгилике жетүү оңой эмес. Ал үчүн эмгек, талант, жигер керек. Акыркы күндөрү бул тармакта стартап жана стартапер деген терминдер көп колдонулуп жатат.

Стартап деген эмне?

Жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен айтканда, стартап-бул жакынкы келечекте пайда табуу максатында түзүлгөн жаңы бизнес-долбоор. Бирок, жаңыдан түзүлгөн бизнес-долбоорлордун баары эле стартап атала бербейт. Эн негизги өзгөчөлүгү-буга чейин иштеп жаткан долбоорлордун көчүрмөсү эмес, жаңы, оригиналдуу идея болушу керек. Мисалы, эгерде сиз масштабдуу социалдык тармак түзүүнү чечсеңиз ал стартап деп аталбайт, анткени, андай долбоорлор көп.

Стартапер деген ким?

Бизнес идеяны ишке ашыруу, ири долбоорлорду түзүү түйшүктүү жумуштардын бири. Жаңы идеяларды ойлоп таап, аларды өнүктүү үчүн иштегендер-стартаперлер. Негизинен, ар кандай курактагы адамдар стартапер боло алышат. Бирок, көп учурда жаштар (студенттер,өспүрүмдөр) старт апер болууну чечишет. Мисалы, стартаперлерге арналган кинорлордо, китептерде стунденттерди көрсөк болот.

Дүйнөгө белгилүү стартаперлер:

Facebook  социалдык тармагынан негиздөөчүсү Марк Цукерберг, Appleдин кошнегиздөөчүсү Стив Жобс жана «Google» компаниясынын  негиздөөчүлөрү Сергей Брин жана Лерри Пейж дагы убагында стартап менен өз иштерин башташкан.

                                                            Кыргызстандык стартаперлер

“Lalafoнун”  негиздөөчүлөрүнүн бири Анна Полищук

Стартап-ийгилике карай алгачкы кадам. Ийгилик жараткан кыргызстандык стартаперлер

-“Lalafo”-бул эл аралык долбоор. Негизги максаты сатуу жана сатып алуу үчүн аянтча түзүп берүү. Кыргызстанда буга чейин мындай мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, 2016-жылдын аягында 3 млрд.долларлык товар Lalafoдо жарыяланды. Долбоорду аты өзгөрүп турду, алгач pul.kg, stena.kg жана учурдагы аталышы lalafo.

Мен өзүм алып-сатуу тармагында көп иштедим. Англиялык ишкерлер Саймон жана Майкл тарабынан түзүлгөн ‘Slando’ компаниясында иштеп жүргөн кезде Россия, Украина, Казакстан, Беларусия жана Европаныны 7 өлкөсүндө иштөө мүмкүнчүлүгүм болду.

Ошондо, “Lalafoнун” бизнес-идеясы оюма келди. Массалык маркетингдин жана теле-рекламанын натыйжасында сайтка мобилдик тиркеме түзүү керектигин түшүндүк.  Учурдагы негизги максатыбыз-бул кызматты колдонгон сатуучуларддын жана кардарлардын санын көбөйтүү.”

Эржигит Имамов- алыскы аймактардагы мобилдик интернеттин ылдамдыгын жогорулаткан антенна ойлоп тапкан

Стартап-ийгилике карай алгачкы кадам. Ийгилик жараткан кыргызстандык стартаперлерКөп убакыттан бери Кыргызтандын чоң шаарларында гана жогорку ылдамдыктагы интернет иштеп келген. Ал эми алыскы аймактардагы элдер үчүн чектелген ылдамдыктагы интернет гана жеткиликтүү болуп келген. Аталган көйгөйдү чечүү үчүн Эржигит Имамов өзүнүн жеке ишин баштады.

Тагыраак айтканда мобилдик интернеттин сигналын күчөтүүчү антенналарды өндүрө баштады. Жеке ишкердин айтымында стартаптагы маанилүү нерсе-кардардын муктаждыктарын көрө билүү керек. Ошондо гана бизнес-идянын багыты аныкталат. “Антеннанын баардык бөлүктөрү Кыргызстандагы жеткиликтүү материалдардан жасалат. Жыл сайын антеннаны ыңгайлуу кылып өзгөртүп жатабыз. Буйруса жаңы үлгүсү автомашинага ылайыкталып жасалат. ” Чакан бизнес стратегия иштеп чыгуу стадиясында болгону менен, ага карата суроо-талаптын жогорулагандыгы байкалат. Күз айларына чейин бир гана Чүй облусунда эмес, башка облустарда дагы бул антенна жеткиликтүү болот.

Тынчтык Калманбетовдун-кымыздан жасалган балмуздак

Стартап-ийгилике карай алгачкы кадам. Ийгилик жараткан кыргызстандык стартаперлер-Кымыз, сүзмө, каймак, сары май жана башка таза экологиялык продуктулар менен жасалып жатат. Балмуздакка боёк сыяктуу химиялык кошулмалар кошулбайт. Экологиялык таза продуктулардан жасалган балмуздак адамдын саламаттыгын витаминдер менен толуктайт. Зыянын тийгизбейт. Кыргыз даамы менен чыгып жаткан балмуздактар сапаттуу жана даамдуу болгондуктан кардарлардын талабы күн сайын артууда. “Учурда бал муздакты кафе-ресторандарга өткөрүп жатабыз. Жайында граммдап, шаардын ар бир бурчунда сатабыз деген пландарыбыз бар. Бул чакан ишкананы кеңейтүүнү ишке ашырабыз.

Ырысбү Кылычбек кызы

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты