Олимпиада

ОлимпиадаАр бир адамдын өмүрүндө сүйүнүчтүү, капалуу-кайгылуу жылдары болот.

Өзүм 66 жашка чыктым, быйыл 2006-жылы мен үчүн эң капалуу окуя: Бразилияда болгон олимпиадада биздин Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшүүдө 5:0 эсеби менен утуп жатып, аягына 1 мүнөт 27 секунд калганда Индиянын спортсменине уттуруп койгону болду. Түнкү саат үч болуп калган, эмне кылаарымды билбей делдиреп калдым. Эмне себептен уттуруп койгонун анализ кылгым да келбейт. Бир миллиард эли бар Индия өзүнүн тарыхында биринчи жолу олимпиадада медаль алган экен.  Мына, кандай шумдук көрүнүш.
2008-жылы Пекин олимпиадасына барганда  Бегалиев Канат күмүш, Түмөнбаев Руслан коло медаль алгандарын көрүп, эркек болуп турупкөзүмдөн жаш чыккан.

Спорт  деген спорт. Бул абдан чоң күч жана табият.

14 жашымда Токиодо болгон 1964-жылкы кичинекей телевизордон көргөн олимпиадада Галина Прозуменщикова сууда сүзүүдө чемпион болгонун көрүп, ошондон кийин бардык жайкы олимпиадаларды 4 жыл чыдамсыздык  менен күтөм.
Өзүңөр билесиңер, Советтер Союзу болуп турганда улуттук командага мүчө болуп тандалыш өтө оор жана сыймыктуу эле. Себеби 15 союздук республикалардан, өтө чоң атаандашуудан кийин тандалып алынчу.
Албетте, биз үчүн эң сыймыктуу тарых — бул 1980-жылкы Москвадагы олимпиада болгон. Ошондо биринчи жолу кыргыздын улутунда, тарыхында Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча чемпион болгон.
Ошол жылы, биз Кыргызстанданбыз деп сыймыктанып айткан Александр Мелентьев тапанча атуудан, Татьяна Колпакова узундукка секирүүдөн, Александр Блинов троеборьеден алтын медаль алышкан. Булардын жеңиштери таң калычтуу, кайра кайталанбас деп айтат элем.
Бирок мени ошондо абдан сүйүнткөн жана бийик көтөргөн Сатымкул Жуманазаров болгон. Таластын Көк-Дөбө айылынан чыккан, марафон чуркашында (42 км 195 метр) Советтер Союзунун тарыхында биринчи болуп медаль алган: мындай жеңиш, менин оюмча,  эч качан унутулбайт. Бул коло медаль биз үчүн көп алтын медалдан өйдө турат десем жаңылышпайм.

1988-жылкы Сеулдагы олимпиадада Чүйдүн Ивановка айылынан чыккан Жумабай атабыздын Мария Кулчунова деген кызы жеңил атлетика боюнча алтын медаль алууга жетишкен.
Ошол эле Сеулда Сергей Фокин футбол боюнча чемпион болгон. Ал өзүнүн жеңишин Кыргызстанга, кыргыз элине арнап, абдан акылдуу экенин билдирген.
Кыргыздын, дүйнөнүн эң таланттуу гандболчусу Талант Дүйшөбаев 1992-жылкы Барселонадагы олимпиадада алтын медаль алган. Бул эмне деген ийгилик.

Ошол олимпиадада Елена Викторовна Баранова баскетбол боюнча  чемпион болгон. Талант Дүйшөбаев, Елена Баранова өз Мекенине келишип, Кыргызстанга, кыргыз элине ыраазылыгын билдиришкен. Бул кандай жакшы көрүнүш.
Жазып жаткан кичинекей  тарых макалам олимпиадаларга гана арналды. Булардын артында машыктыруучулардын  зор эмгектери турат, Совет доорундагы, дене тарбияга, спортко бөлүнгөн чоң каражат, саясат жатат.
Ушулардын баарын кантип унутабыз, кантип эскербейбиз. Унутсак, эскербесек, бизди табият кечирбейт. Биздин кыргыз спортун түптөгөн, 20 жылдан ашык жетектеген Дөлөн Өмүрзаковду эстебесек болбойт. Ал кишинин эмгеги өтө зор.

Жакында парламентте олимпиадага даярданууга аябай чоң каражат — 162 млн сом кетти деген сөз болду. Койсоңорчу, бул үч километр жолго кеткен каражат экен. Дене тарбиясына, спортко өтө аз акча каралат, бул чоң жаңылыштык болот.
Мурда балдар спорт мектептери ар бир райОНО, горОНОнун алдында болчу, профсоюздун алдында да көп машыктыруучу жайлар бар эле. Республикада “Буревестник”, “Колхозчу”, “Спартак”, “Динамо”, “Трудовые резервы”, “Локомотив”, “СКА” жана башка спорт коомдору бар болчу. Баары жоголду, кайда баратабыз деп капаланам.
Биздин күрөш командаларга башка өлкөдөн келип, атуулдук алып, олимпиадага катышып жүрүшөт, бирок бирөө да медаль ала албады. Бул жерде көп маселе бар, көз боёмочулук да кездешет. Мунун баарын карап чыгыш керек.
Көп жигиттерибиз улуттук олимпиадалык комитетин жетектейм деп өлүп кетти, каза болду.
Ушул жерде криминал жана коррупция жыттанат.
Акчасы барлар, чоңдор жардам берсин, колдосун, бирок спортту жетектегенге чоң профессионалдар керек.
Мен дегенди жаман көрөм, ошентсе да айтканга мажбур болуп жатам, биз дагы спортко көп жардам бердик. Бирок чындык үчүн, эч качан ал жөнүндө айтып, жар салып, пиар кылып сүрөткө түшкөн жокмун.  Атам айткан (бул мага мыйзам) насаат менен жашап келе жатам: “Жакшылык кылсаң доомат кылба, доомат кылсаң жакшылык кылба” деп…

Силердин Муратбек Мукашев, 04.10 2016

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты