Түлеев: Атамбаев төрт кишинин атын айтты

Түлеев: Атамбаев төрт кишинин атын айттыБир күн мурда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учакта учурашканын айтып, экөөнүн чогуу түшкөн сүрөтүн Фейсбук социалдык тармагына жарыялаган Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев бул учурашуунун чоо-жайын айтып берди. Бүгүн ушул маселе талкууланган 5-каналдын “Ойбүгүн” берүүсүнө Москвадан телефон аркылуу чыккан Нариман Түлеев бул кокустук болгонун, учак учарга жакын Алмазбек Атамбаев кирип келгенин, бизнес-класста бош орун жоктуктан орун которуп кетүүгө мүмкүн болбогонун, анан сүрөткө тартып, тамаша иретинде чыгарып койгонун айтты.

“Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт” дейт. Мындан жамандык издеп, мени каралап жаткандарга таң калдым, бул менин жеке ишим”, — деген Түлеев Атамбаевге кандай сөз айттыңыз? – деген суроого “Эмне, эми эфирден силерди сөгөйүнбү”, — деп жооп берди.

“Атамбаев менден кечирим сурабайм, сени мен каматкан эмесмин деп, менин камалышыма тиешелүү төрт кишинин атын айтты”, — деп сөзүн жыйынтыктады Нариман Түлеев.

Нариман Түлеев Атамбаев бийлигинин тушунда коррупция боюнча айыпталып, камалып чыккан. Ал кечээ мурда “элдешкис каршылашка айландым” деген Атамбаев менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялашы коомчулукка дүң болуп, соцтармакта кызуу талкууга түштү.

Нариман Түлеев «Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген» деп соттолгон. 11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты