“Ак жүрөк:” 8 жаштагы кызды өз атасы зордуктап жүргөн

“Ак жүрөк:” 8 жаштагы кызды өз атасы зордуктап жүргөнОш шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова Ноокат районунда бир ата сөрөй сегиз жаштагы кызын алдап, коркутуу менен зордуктап жүргөнүн билдирди.

“Айтканга, жазганга аргасызмын, эл-журт! 8 гана жаштагы кыз акмак атасынын курмандыгы болгон. Канынан жаралган кызды алдап, коркутуп зордуктап жүргөн. Апасы айтып түгөтө албайт. Үйдөн араң дегенде качып чыгышкан. Азыр “Ак жүрөк” кризистик борборунда убактылуу бир туугандары жана апасы менен турат. Арыз жазылды, мындан кийинкисин дагы көрөбүз”, — деп билдирди Дарика Асилбекова.

Ош облустук милициясынын маалымат кызматы Ноокат районундагы ушундай окуя боюнча арыз жазылып, текшерүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Расмий маалыматтарга караганда, акыркы эки жылда Кыргызстанда 300дөй бала зордукталган. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, көбүнчө алар мындай кордукка жакын адамдары тарабынан кабылат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты