Ооганстандагы кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Ооганстандагы кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилдиОоганстандын Кичи жана Улуу Памиринде жашаган этникалык кыргыздар үчүн гуманитардык жүк жеткирилгенин бүгүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Кыргыз өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-сентябрындагы буйругу менен Памир кыргыздарынан кабар алуу жана жардам көрсөтүү үчүн атайын экспедиция түзүлгөн.

Бул топ Памир кыргыздарына 20 тонна ун, 4 тонна кумшекер, 4 тонна макарон жана башка азык-түлүктөрдү, ошондой эле 20 метр куб жыгач, 120 даана темир меш, дары-дармектер жана медициналык буюмдарды алып барды. Гуманитардык жүк 7 оор жүк ташуучу унаа менен жеткирилген, жүктүн жалпы салмагы болжол менен 60 тоннаны түзөт.

Экспедицияга тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле дарыгер-кардиолог, педиатр, акушер-гинекологдор, журналисттер кирген.

Памирлик кыргыздар мындай жардам үчүн кыргыз өкмөтүнө жана жалпы кыргыз элине ыраазычылык билдирди.

Ооганстандын Кичи Памир жана Улуу Памир өрөөндөрүн азыр бир жарым миңдей улутташтарыбыз байырлайт. 2003-жылы алардын саны 5 миңдей эле. Медициналык тейлөөнүн жоктугу, туугандар арасында бири-бирине баш кошуулар эне-баланын өлүмүнүн эң жогорку көрсөткүчүн шарттоодо.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты