Картошканы экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Картошканы экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдөПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алды. Анда айыл чарба тармагындагы абал, күзгү талаа жумуштарынын жүрүшү, айыл чарба продукциясын экспорттоо маселелери талкууланганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Министр Нурбек Мурашев бул жылы айрым айыл чарба продукциясынын, тактап айтканда картошканын баасы былтыркыга караганда төмөн болуп, килограммы 5-7 сомдон сатылып жатканын, былтыр бул баа 8-10 сом болгонун маалымдады.

«Рыноктун анализи жүргүзүлгөн, жылына октябрь айында башка айларга караганда картошканын баасы төмөнүрөөк болот. Ноябрдын ортосунан баштап, баалар көтөрүлөт деп божомолдоп жатабыз. Учурда картошканы жана башка продукцияны экспорт кылуу боюнча Өзбекстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп билдирди Нурбек Мурашев.

Анын айтымында, 2017-жылы картошка 83 миң 200 гектарга айдалса, быйыл 84 миң 500 гектарга эгилди, түшүмдүн жалпы көлөмү 1,5 млн тоннаны түздү, ички керектөө болсо 800-900 тоннаны түзөт. 600 миң тонна картошка экспортко кетет. Бүгүнкү күндө толук көлөмдө төө буурчак жана пахта буласы экспорттолуп жатат.

Мамлекет башчысы рыноктун баасын алдын ала билүү, айыл чарба продукциясын сатуу боюнча жетишсиз жумушту сынга алды жана айыл чарба продукциясын экспорттоо кайра иштетүү менен биргеликте дыйкандардын эмгегин колдоого жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган эң маанилүү чаралардын бири экенин белгиледи.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты