Кадамжайда алтын кенин иштетүүгө дагы каршылык чыкты

Кадамжайда алтын кенин иштетүүгө дагы каршылык чыктыБаткендин Кадамжай районундагы Майдан айылынын тургундары бүгүн дагы каршылык акциясына чыкты. Ага Шамбе-Сай алтын кенин иштетүү үчүн топурак менен сууну текшерүү үчүн адистер барышы себеп болуп, айылдын 50-60 чакты тургуну нааразылык билдирип чыгышкан.

Натыйжада окуяга милиция аралашып, чогулгандардын айрымдарын милиция кызматкерлери кармап кеткени тартылган тасма менен сүрөттөр Фейсбук социалдык тармагына жарыяланып кетти.

Буга удаа эле Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы тек гана ызы-чуу салган элди тартипке чакыруу аракети көрүлгөнүн, эч ким кармалып-камалбаганын билдирди. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сүйлөшкөн соң чогулган эл тарап кеткен.

“Жер-суубуз бузулуп, экология булганат” деген негизде жергиликтүү калк акыркы 2-3 жылдан бери аталган алтын кенди иштетүүгө каршы болуп келатат.

Шамбе-Сай кенинде болжол менен сегиз тоннадай алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашып отуруп, акыры аны иштетүү уруксаты Кытайдын “Тианди” компаниясына тийген. Бирок элдин нааразылыгынан улам кенди иштетүү убактылуу токтотулган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты