КСДП: Атамбаев качкан жок

КСДП: Атамбаев качкан жокКыргызстан социал-демократиялык партиясынын маалымат кызматы экс-президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан Бишкекке сөзсүз кайтып келе турганын билдирүү менен «Атамбаев качып кетти» деген кеп-сөздөрдү четке какты. Бул маалыматка караганда, Атамбаев Кыргызстандан эч жакка кетпейт жана ага себеп да, негиз да жок. Орусиядагы сапарынан экс-президент 28-октябрда Бишкекке кайтып келет.

Алмазбек Атамбаев Орусияга 22-октябрда кеткен. Анын алдында КСДП экс-президент 22-23-октябрда Санкт-Петербургда жеңесинин тажиясына барып, 24-27-октябрда Москвада өтчү саясий партиялардын эл аралык жыйынына катышарын маалымдаган.

Бир күн мурда Атамбаевдин Орусияга кетип баратканын аны менен бир учакка түшкөн Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев социалдык тармактарга жарыялап, экөө чогуу түшкөн сүрөттөрдү да жайгаштырган.

Атамбаевдин Москвага жол тартышы кыргыз коомчулугунда ал кайра келбеши мүмкүн деген пикирлерди пайда кылды. Андай пикирлерге Атамбаевдин көздөй кишилеринин бири Икрамжан Илмияновдун Москвадан Дубайга учуп жаткан жеринен кармалып, камакка алынышы себеп болду.

Алдамчылык боюнча айыпталган Илмиянов 20-октябрда Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 28-ноябрга чейин камакка алууга чечим чыгарып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты