Ашууда калган чабандар мал-жаны менен кошо куткарылды

Ашууда калган чабандар мал-жаны менен кошо куткарылды18-октябрда Тогуз-Торонун Алакан жайлоосуна жааган калың кардан улам  8 чабан 2 миңден ашуун кою менен Сары-Кыр ашуусунан аша албай калган.

19-октябрда чабандардан кабар алуу үчүн ӨКМдин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнүн куткаруучулары авариялык куткаруу унаасы менен чыгып кетишкен. Кар калын жаагандыктан жолду тазалоо зарылчылыгы келип чыккан.

22-октябрда чабандар мал-жаны менен ашуудан аман-эсен өткөрүлүп, Сузак районунун Курманбек айыл аймагынын Үрүм-Баш тилкесине жеткирилген. Учурда  чабандардын абалы туруктуу экенин жана алар жардам берген куткаруучуларга ыраазычылык билдирип жатканын бүгүн ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты