Бермет Байкелова: “Америкада ушул сапаттар бааланат”
- 8 лет мурун
- Маек
Бермет Байкелова Америкадагы азыркы жашоо-тирлиги, Манхэттенде ырдаган күндөрү, комуз менен ооз комузду ал жактан үйрөнүп, эми балдарга үйрөтө баштагандыгы, англис тилин окугандыгы ж.б. тууралуу онлайн байланышта бизге айтып берди.
—Бермет айым, азыр Америкада жашап жаткан турбайсызбы? КР эмгек сиңирген артисти кантип Америкада жашап калды?
—2012-жылы 12-июнда жеке концертимди берип эле бир жумадан кийин Америкага келдим. Ошол күндөн бери бул жакта жашайм. Өзүм жалгыз Нью-Йорктомун. Кыздарым Бишкекте турушат, буюрган күнү бул жакка келишет. Америка мага абдан жакты жана кыйналган жокмун. Ушул жерде өмүр бою жашагандай сезем, эч бир чоочуркаган жокмун. Мен жоопкерчиликтүү, эрки күчтүү, позитивдүү жана абдан эмгекчил адаммын, ошондуктан кыйналган жокмун деп ойлойм. Америка мендей, эрки күчтүү адамдардын өлкөсү. Өтө так иштешиң керек. Англис тилин өмүрү окуган эмесмин, андыктан Kingsborough колледжинде эки жылдан бери тил үйрөнүп окуудамын. Квартирамда эки кыргыз бала батирде тургандыктан, үйдө жалаң кыргызча сүйлөйбүз, кээде аларга биздин улуттук тамактардан жасап, эли-жерди кеп кылып баарлашабыз.
—Ал жакта эмне жумуш кыласыз?
—Кыргыздардын тойлоруна тамада болом, ырдайм. Бул жакка келгенден кийин комуз менен ооз комузда ойногонду үйрөнүп алгам. Тойлордо Мыскал эжемдин репертуарындагы “Алымкан”, “Эсте секет”, “Кызыл гүл” аттуу ырларды ырдайм. Андан соң өзүм мурда опера ырчысы болгондуктан, опералык үнүм менен италиялык романстардан ырдап аяктап коём. Өзүм Нью-Йоркто жашаганым менен, кыргыздар тойго Американын ар кайсы штаттарына чакыртып ырдатышат. Учуп барып, тойго катышып ырдап келем. Көбүнчө үйлөнүү тоюна чакырышат. Жакында Урмат менен Тахмина аттуу жаштар баш кошуп, Чикагого барып ырдап келдим.
Ошондой эле эстрадалык вокалдан жекече сабак өтөм. Азыр үч окуучум болсо, анын экөө кыргыз, бирөө америкалык. Америкалык бала пианинодон сабак алып жүрүптүр, менин комуз кармаганыма кызыгып, комузда ойногонду үйрөнгүсү келип калды.
Чикагодо ынтымактуу үй-бүлөдө (бала-бакырасы, куда-кудагыйлары менен үч кабат үйдө чогуу турушат экен) мейманда болуп калдык. Комуздун коштоосунда Токтогулдун “Алымканын” ырдай баштасам, угуп олтурган айым эчкирип ыйлап кирди. Мен ырымды андан ары уланта албай, муунум калчылдай түштү. Бир аз токтоп калып, андан ары улантып, аягына чыктым. “Ушундай үнүң менен эмнеге сахнаны таштап кеттиң? Өз элиңе кетишиң керек. Ал жакта сен көп адамдарга ырахат тартуулайсың” деп калды. Ал айым Польшадан болот экен, 30 жыл мурун Америкага келип, жашап калган экен. Жанагы комуздан сабак алган бала ушул айымдын небереси.
Мени менен ал үйгө мейманга барган досторум “Биз жакта артисттерди баалай беришпейт дебейсиңби?” деп тамашалап калышты. А бирок чынында эле ошондой да. 26 жыл филармонияда Карамолдо Орозов атындагы оркестрде ырчы болуп иштедим, ошол эле кезде алып баруучу да болчумун. Кезинде Кыргызстанда кандай концерт болсо, бүт алып барчумун. Өзүм жалгыз орусча-кыргызча алып барчумун. Ал убакта азыркыдай, эптеп эки сөздүн башын кошкондор алып баруучу боло беришчү эмес. Бактыбек Мамытов жана раматылык Сатыбалды Жээнбеков агайлар менен теледе жаңы жылдык программаларды алып барып калдым. Сатыбалды агай телевидениеге диктор болушуң керек деп айтып калчу, бирок мен диктор болууну эмес, ырдаганды гана каалачумун.
—АКШда ырчыларга кандай мамиле жасайт экен?
—Бул жакка жаңы келгенде Манхэттендеги ресторанда ырдап
иштеп жүрдүм. Ошол ресторанда жалаң опера ырчылары ырдап акча табышат. Бир күнү жумушка барсам, айтылуу опера ырчысы Лучано Павароттинин туулган күнүн эскерүү кылып, көп ырчылар чогулуп турушкан экен. Ал ресторандын ээси италиялык жаран Леопольдо деген мырза. Павароттинин окуучусу жаш ырчы айым да келиптир. Жолугушуу аяктап калганда жарык өчүрүлүп, шам жагылып, Happy birthday деген туулган күн тууралуу англисче ырдалып калды. Аягында пианино Крокодил Генанын орус тилиндеги туулган күн тууралуу айтылуу орус ырынын музыкасын ойноп калды. Эки-жакты карасам, аны эч ким ырдабайт. Анан ал ырды өзүм жалгыз ырдап киргенде, эл кол чаап угуп турду. Көрсө 80 жаштардагы пианист аял илгери Россиядан эмиграциялап келген экен. Дүйнөнүн опера ырчылары чогулган жерде ырдаганыма абдан сыймыктандым.
Дагы бир нерсени кошумчалап кетейин: быйыл. Нооруз майрамында, Нью Йоркто Орто Азия элдери катышкан чоң майрамда конкурс болуп, комуз менен ырдап, ооз комузда ойноп, биринчи орунду жеңип алгам, экинчи орунду казактар, үчүнчүнү өзбектер алган.
—Чейрек кылым Карамолдо Орозов оркестринде иштеп, оркестрди, филармонияны сагынасызбы?
—Ооба, сагынам. Кесиптештерим менен, өзгөчө Майрам Дүйшөкеева эже менен көп байланышып турам. Көп жыл чогуу иштедик, далай чыгармачыл күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Айрыкча алыс кеткенде кесиптештериң, досторуң абдан жакын сезилет экен.
—Америка абдан жакты дедиңиз, эмнеси жакты?
—Бул жакта адамдардын жашоосуна бардык шарт түзүлгөн. Өзгөчө кары адамдар жана оорулуулар үчүн шарт жакшы. Тамак-ашынан баштап медициналык жардам, дары-дармек, бага турган кишисинен өйдө мамлекеттин эсебинен каржыланат экен. Карыларды баккан киши алардын жанында болуп, кирин жууп, тамагын белендеп, эшикке сейилдетип багып турса, акысын мамлекет төлөп берет. Баккан кишилер бул ишке окуп, сертификат алып, тандалып келишет. Анысы аз келгенсип, өмүрү бул жакта иштебегендерге (анын ичинде Союздан келгендерге да) мамлекет пенсия чегерип берет. Атаңдын көрү, бизде качан ушундай болор экен деп көп ойлонуп калам. Жок дегенде мамлекетке өмүр бою иштегендер жакшылыктуу пенсия алса кана.
Маектешкен Айгүл Бакеева
Сүрөттөр Бермет Байкелованын өздүк архивинен.