УКМК: Провокациялык видеороликтерди тараткан адам кармалды

УКМК: Провокациялык видеороликтерди тараткан адам кармалдыСоциалдык тармактарда эки улутту кайраштырган чагымчыл видео тараткан адам кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет. Маалыматка караганда, 2018-жылдын 22-октябрында 1989-жылы туулган, Баткен облусунун тургуну А.А. кармалды.

Кармалган адам «WhatsApp» социалдык тармагында 100 абонент катталган топ түзүп,улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видеороликтерди жайгаштыргандыгы аныкталды.

Такталган боюнча,ал 2010-жылкы окуяларда өзбек улутундагы белгисиз адамдар кыргыз улутундагы адамдарды сабап, жана ошондой эле кыргыз улутундагы жаш балдар өзбек улутундагы адамдарды сабагандыгы үчүн, кечирим сураткан 2010-жылы тартылган видео роликтерди жайылткан.

Азыркы убакта кармалган адам материалдарды таркатуу боюнча жасаган ишин мойнуна алып, өкүнгөндүгүн билдирүүдө.

Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү жана процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР УКМК тергөө органдарына жөнөтүлдү.

КР УКМК тарабынан провокациялык мүнөздөгү материалдарды даярдап жана жайылтууну аныктоо жана алдын алуу боюнча иш чараларды улантууда.

Эскерте кетсек, КР Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесине ылайык улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер, ошого тете граждандардын динге карата мамилесинин, улуттук (этностук) же расалык таандыктыгынын белгилери боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же болбосо начардыгын пропагандалоо, эгерде бул жосундар ачык же массалык маалымат каражаттарын, ошондой эле Интернет тармагын пайдалануу аркылуу жасалса, төрт жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты