ТИМдин алдындагы милдеттер
- 6 лет мурун
- Иликтөөлөр
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, жаңыдайындалган тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды.
Мамлекет башчы Тышкы иштер министрлигине төмөнкүдөй милдеттерди койду: 1) эл аралык келишимдерди ишке ашыруу;
2) өнөктөш мамлекеттер менен достук мамилени бекемдөө;
3) инвестиция тартуу: 4) туристтик дараметти өнүктүрүү;
5) чет өлкөдөгү жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо ж.б.
Тышкы саясат ведомствосунун ишмердигине байланыштуу акыркы мезгилде массалык маалымат каражаттарында резонанс жараткан маселелерге жана сын-пикирлерге байланыштуу Ч. Айдарбеков тийиштүү иш жүрүп жатканын маалымдады.
Сүрөттө: кабыл алуу учуру. Президенттин басма сөз кызматы тарткан.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!