Бишкекте дүйнөлүк Тоо форуму өтөт

Бишкекте дүйнөлүк Тоо форуму өтөт

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкекте 23-26-октябрда дүйнөлүк Тоо форуму-2018 өтөт. Бул тууралуу Жаратылышты коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Планетанын 13 % калкы тоо аймактарында жашайт жана алар кургактыктын беш бөлүгүн камтыйт. Тоолуу аймактар ошондой эле жер шарын таза экологиялык система менен камсыз кылып турат. Тоо— дүйнөнү суу менен камсыз кылуучу мунара, бүт дүйнөнү ичүүчү суу менен камсыздайт.

Мына ушундай шартта биздин өлкөбүз—Кыргызстан да дүйнө арасында өз салымын кошуп келе жатат. Кыргызстан биринчилерден болуп Тоо форумун өткөрүү демилгесин көтөргөн.

Бүткүл дүйнөлүк Тоо форумунун максаты тоолуу аймактарда жашаган калктын жашоосу, алардын бакубат турмушка жетүү жолдору биргелешип табуу  болуп саналат. “Тоо аймактарын туруктуу өнүктүрүү” боюнча күн тартибин алга жылдыруу максаты коюлууда.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты