Жакыпбаевдин өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Жакыпбаевдин өлүмүнө шектүүлөр кармалды

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргызаэронавигация” ишканасынын жетекчисинин орун басары Маматназар Жакыпбаев менен мушташууга барып, андан кийин анын өлүмүнө себепкер болгон шектүүлөр кармалды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдиргендей, “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев менен мушташууга баргандар жана андан кийинки анын өлүмүнө шектүү болгон экөө  кармалды.

21-октябрда М. Жакыпбаевдин машинасы автокырсыкка кабылган. Ал сыртка чыгып, авариянын чоо-жайын сүйлөшүп жаткан учурда  тараптар айтыша кетип, андан ары мушташууга өтүшкөн. Анын натыйжасында  Жакыпбаев жыгылып, башы менен бордюрду сүзүп алып, ошондон улам каза болгон.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты