ЖЭБ иши сотко жетти

ЖЭБ иши сотко жеттиБиринчи май райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча козголгон ишти карай баштады. Бул ЖЭБ боюнча козголгон төрт кылмыш иштин алгачкысы. Бүгүнкү соттук ишке «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын экс-директору Узак Кыдырбаев баштаган камактагы адамдар жеткирилди.

Жабырлануучу катары “Электр станциялары” жана “Бишкек жылуулук тармактары” ишканаларынын өкүлдөрү катышууда. Айыпталуучулардын адвокаттары ал ишканалардын жабырлануучу катары сотко катышып жатканына нааразылыгын билдирип, аны мыйзамсыз деп баалашты.

Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон төрт кылмыш иштин алкагында мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, энергетика тармагындагы ишканалардын бир катар жетекчилери да “Коррупция” беренеси менен айыпталып, УКМКнын тергөө абагында отурат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты