Медет Төлөгөнов: “Атамбаевди бир отоло саясий аренадан чыгарып салуу аракети ”

Медет Төлөгөнов:  “Атамбаевди бир отоло саясий аренадан чыгарып салуу аракети ”Медет Төлөгөнов Борбордук Азиядагы Америка университетинде эл аралык салыштыруу политологиясы боюнча сабак берген ага окутуучу.

— Медет мырза, мурунку Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Икрам Илмияновго айып тагылып, издөө жарыяланганы белгилүү болду. Бул окуяга сиз кандай баа бересиз? Коррупция менен күрөштүн белгисиби?

— Бул Алмазбек Атамбаевдин командасына болгон басымдын уландысы деп ойлойм. Мындан сырткары, саясий негиз бар.

Бир жылдан бери Атамбаевдин командасы ушундай басымдын алдында турат. Икрам Илмиянов дагы мындан сыртта калган жок.

 Анткени, буга чейин эле ал жөнүндө сөздөр болуп келген. Ошондуктан, бул күтүлүп жаткан иш болчу.

Албетте, суроолорду жараткан жагдайлар дагы бар, Атамбаевди бир отоло саясий аренадан чыгарып салуу аракети көрүлүп жатабы же укук коргоо органдары башталып кеткен саясий-кылмыш иштерин улантып жатабы?

Кыскача айтканда, жыл башында башталган процесстердин акыркы этаптары болушу ыктымал.

Бир жагынан, бул парламенттик шайлоонун алдындагы кампаниянын бир бөлүгү болушу мүмкүн. Бирок, Илмияновдун четтетилиши канчалык деңгээлде КСДПны алсыратат билбейм.

Себеби, КСДП партия катары оор мезгилди башынан өткөрүп жатат. Дагы бир жагынан азыр жүргүзүлүп жаткан саясий процесстердин логикасы түшүнүксүз болуп жатат. Бир логика саясий-кылмыш иштердин процессинин жүрүшү болушу мүмкүн, дагы бир логика коомду кандайдыр бир деңгээлде кызыктырып туруу болушу ыктымал.

Президент дагы, премьер-министир дагы өлкөнү өнүктүрүү боюнча жаңы кадамдарды, стартегияларды сунуштай албай жатат, ошондуктан, саясий күн тартиби кылмыш-иштерин козгоп Атамбаевдин доорунан калган мурастар менен күрөшүү аркылуу толукталып жатат.

Жаңы ысымдардын, анын катарында Илмияновдун кошулуп жатканын себеби ушунда болушу да мүмкүн. Анткени, коомчулук убагы келгенде “Атамбаевдин доору өттү, бирок анын убагындагы кишилер дагы деле иштеп жатышат. Жаңы бийлик кайда? Жаңы эмне сунуштап жатат деп”-деп сурай баштайт.

Бул бир жагынан Атамбаевдин мезгилине окшошуп кетет, анткени, Атамбаев дагы кампаниясын коррупция менен күрөштөн баштаган. Жогорку кызматта отурган кишилерге карата иштер козголуп, саясий  куугунтукка окшоп турган.  Албетте, элде “Коррупцияга каршы иштер жүргүзүлүп жатат, бирок эмнеге бир партияга тиешелүү адамдарга карата гана тандалма жүрүп жатат?”-деген суроо жаралышы мүмкүн.

Мен Илмияновду күнөөсүз дебейм. Болгону, процесстин объективдүүлүгү суроо жаратпай койбойт.

— Илмиянов ушул жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кеткен экен. Ошол бойдон кайра келбептир. Эмнеге укук коргоо органдары ушунча убакыт күтүп, сыртка чыгып кетүүсүнө жол берип, эми издөө жарыялап отурат деп ойлойсуз?

— Илмиянов өлкөдөн чыгып кеткени дагы түшүнүксүз болуп турат. Балким “ички кухняга” байланыштуу болушу мүмкүн. Бир жагынан Укук коргоо органдарынын эффективдүүлүгү да күмөн жаратат. Анткени, дайыма эле бирөөнү кармай албай, таппай калышат. Өлкөдөн чыгып кеткен жалгыз Илмиянов эмес экени баарына белгилүү. Экинчи жагынан бул атайын жүргүзүлгөн саясий пиар болушу мүмкүн.Бул жерде максат аны кармап, камакка алуу эмес, кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялоо гана болушу толук ыктымал.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты