Казакстан Кыргызстандан кирчү этке салынган чектөөнү алды

Казакстан Кыргызстандан кирчү этке салынган чектөөнү алдыКазакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда өндүрүлгөн эт азыктарына киргизген убактылуу чектөөнү алганын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан билдиришти. Ага караганда, казак тарап 17-октябрда кыргызстандык беш ишканага киргизген чектөөнү алып салганы боюнча билдирүү таратты.

Ага чейин Ветеринардык коопсуздук инспекциясы Казакстандын тиешелүү органдарына Кыргызстандагы эпизоотиялык абал боюнча толук маалымат берген.

Казакстан 12-октябрда Кыргызстандагы «Риха», «Кант нан заводу», «Баркад», «Салих», «Адал-Азык» ишканаларынын эт өндүрүмүнө чектөө киргизген. Мындай чараны коңшу өлкө Кыргызстандагы эпизоотиялык абалдын начардыгы менен байланыштырган.

Кыргызстан 8-октябрда куш тумоосунан улам деп Алматы жана Түндүк Казакстан облустарынан келген канаттуулардын этине чектөө киргизген. Бир нече күндөн кийин казак тарап да Кыргызстандын аймагындагы мал коркунучтуу оору менен ооруп жатканын жүйө келтирип, эт азыктарын алуудан убактылуу баш тарткан. Айрым серепчилер муну казак тараптын Кыргызстандын чектөөсүнө жообу катары баалашкан. Ушундай кадамдан кийин Кыргызстан канаттуулардын этин киргизүүгө салынган чектөөлөрдү алган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты