Зилалиев үч жылга шарттуу кесилди

Зилалиев үч жылга шарттуу кесилдиБишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди үч жылга шарттуу кескен чечим чыгарды.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу тарап Зилалиевди күнөөлүү деп таап, эки жыл жатак абагына кесүүнү, сот залынан камакка алууну сураган. Зилалиев өзү жана адвокат коюлган айыптар негизсиз экенин айтып, соттон актоону өтүнгөн.

Дүйшөнбек Зилалиевге президент Сооронбай Жээнбековдун былтыр 24-ноябрдагы инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси («Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу») менен иш козголгон. Президент ант берип, ишке киришкен ошол күнү президенттик кортеж өтчү көчөгө «бомба коюлду» деген кабар тараган.

Ал кабарды милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганы, бомба тууралуу ага «1532 ВК» мамлекеттик номерлүү «Лексус» машинесинен бир адам билдиргени айтылган. Кийинчерээк «машиненин номуру Зилалиевге таандык» экени белгилүү болуп, быйыл мартта УКМК иш козгогон.

Дүйшөнбек Зилалиев өзү курсант кыз анын айтканын туура эмес түшүнүп алганын айтып келген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты