Илмияновго издөө жарыяланды

Илмияновго издөө жарыяландыКыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарыялады.

Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту сырттан айып такканын жана камакка алуу чечими кабыл алынганвн Жогорку соттун басма сөз кызматы ырастаган эле.

Маалыматка караганда, мындай чечимди 18-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарып, УКМКнын Илмияновду камакка алуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырды.

«Шоопур» деген каймана аты бар Илмиянов кайсыл жакта экени белгисиз экенин кабарлайт УКМК. Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал 2018-жылдын июнь айында Кыргызстандан чыгып кеткен жана тиешелүү ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты