Сот Икрам Илмияновду камакка алуу чечимин чыгарды

Сот Икрам Илмияновду камакка алуу чечимин чыгардыЭкс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарынын бири, Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрам Илмияновго сыртынан камакка алуу боюнча соттун чечими чыкты. Ага Коррупция беренеси боюнча айып тагылды.

Бул маалыматты социалдык тармактарга тараган Биринчи Май райондук сотунун мөөрү басылган чечимден билүүгө болот.

Документтин сот чечими качан кабыл алынганы жазылган бөлүгү көрсөтүлгөн эмес.

Маалыматтарга караганда, УКМКга бир ишкер Илмиянов Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары болуп турган учурунда 150 миң доллар пара алган деп доо арыз менен кайрылган.

Азыр Икрам Илмияновдун кайсы жакта экени белгисиз. Сот 48 сааттын ичинде кармоо тууралуу чечим чыгарды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты