Аутист балдар иштеген кулинария

Жаш ишкер-айымдар Аида Мамбеталиева менен Асель Куандыкова өзгөчө кулинария ачып иштетип жатканына эки ай болду. Өзгөчө дегенибиздин себеби, бул жерде аутист балдар эмгектенет.

Аутист балдар иштеген кулинария

Мындай кулинария ачууга адегенде аутист балдардын курсун ачуусу түрткү берген. Учурда кулинариянын иши жакшы жүрүп жаткан чагы. Кирешенин жарымын “Рука в руке” аутист балдардын ата-энелеринин коомдук бирикмесине жардам катары беришет.

Аутист балдар иштеген кулинария

“Адегенде аутист балдардын курстарын ачканбыз. Мындан эки жыл мурун. Анда алардын ата-энелерин дагы кошуп окутканбыз. Анан TIKAнын долбоору тууралуу угуп калып, ошонун колдоосу менен кулинарияны ачтык. Бул балдарды өзүм 8 ай бою окутканмын” дейт Аида.

Аутист балдар иштеген кулинария

Учурда 2 бала эмгектенет, жакында дагы бирөө кошула турганын айтат ишкер айым. Алар картошка арчып, сабизди кыргычтан өткөрүп, капуста туурап кулинария ээсине жардам беришет. Өзгөчө балдар эмгекти абдан сүйөрүн, жумушка абдан так экенин белгилейт Аида.

Аутист балдар иштеген кулинария

“Булар аябай жумушка так болот. Өз убактысында так келишет, өздөрүнө бөлүнгөн жумушту майын чыгарып аткарып, аягында таштандыларын чогултуп, таштанды салгычка ыргытып анан кетишет. Күнүнө 1-2 сааттан гана иштешет, андан көп иштесе бат чарчап калышат. Саатына 50 сомдон төлөнөт. Жумуш көп болуп кеткенде балдардын ата-энелери дагы келип жардам берип турушат” дейт ишкер.

Бек Оморбеков, Нуркыяз Туркменов

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты