Коррупцияны ачыктаган Мамбеталиева кайра жумушка алынат

Коррупцияны ачыктаган Мамбеталиева кайра жумушка алынатКР Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын бошотулган басма сөз катчысы кайрадан 19-октябрдан баштап кызматка алынат. Бул тууралуу буйрукка жетекчи Жолдошбек Жунушев кол койгондугун Анара Мамбеталиева кабарлады.

Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алкездеги  басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева андагы орун алган коррупция мисалдарын айтып, ушул жылдын 22-августунда башчынын кабинетинин алдында отуруп каршылык көрсөткөн. Андан кийин ошол акциясы үчүн кызматынан бошотулган.   Ведомстволор аралык жумушчу комиссия А.Мамбеталиеваны  кызматынан бошотууда мыйзам бузулганын билдирди.

Пресс катчынын  айткандарын Коопсуздук Кеңеши иликтеп чыгып, анда айтылган коррупция мисалдары кандайдыр бир деңгээлде туура чыкканын билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты