Икбол Мирсаитов: Ислам фобиясыбы же мусулман фобиясыбы?

Белгилүү эксперт, аналитик Икбол Мирсаитов журналисттер менен диний темада баарлашып, учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында ислам фобиясы эмес, мусулман фобиясы байкалып жатканын айтты.  Мусулмандар менен иштешүү талабынан улам Кыргызстанда Исламдын ата мекендик мектебин уюштуруу маселеси келип чыккандыгын белгиледи. 

Биздин коомдо исламдын өзүнө карата эч кандай терс пикир жок. Бизде мусулмандардын кийген кийимине, жүрүш-турушуна нааразылык болууда. Мисалы алардын кийими, жүрүш-турушу калкты иренжитип жатат. Ошондон улам мусулман фобиясы жаралууда. Ошол эле мезгилде мусулмандар дын өздөрү тарабынан исламдын канон, эрежелери сакталбай келет деп эсептейт Икбол Мирсаитов.

“Эл жана мусулмандардын өздөрү дагы дин катары исламдын өзүнө эмес, исламдын канон,   эрежелерине туура келбеген мусулмандардын жүрүш-турушуна нааразы болушууда.   Ислам фобиясы бизде исламга жамынып алып, исламга жат иштерди жасап жаткан адамдардын мамилесинен улам келип чыгууда” деди Икбол Мирсаитов.

Социалдык түйүндөрдө дагы диний активисттер менен теңирчилер кайым айтышып жатат. Азыр жергиликтүү калк түшүнүктөрдү алмаштырып алып жатканын белгиледи.  Ошондуктан мусулмандарга, динге, дегеле кудайга ишенгендерге карата терс мамилени басаңдатыш үчүн ислам дини эмес, мусулмандар менен иштешүү керек дейт эксперт.

“Бизде ислам фобиясы деген жок, эң ириде мусулман фобиясы бар. Ал фобия, коркуу сезими мусулмандардын кийген кийиминен,  турган-турпатынан улам келип чыгууда. Кыргызстандагы абалдын өзгөчөлүгү тышкы пикирлерден, мусулман дүйнөсүнө (россиялык, европалык) мамилеге байланыштуу болууда. Кыргызстанда светтик көз караш менен диний көз караштын кагылышуу процесси байкалууда” деди И. Мирсаитов.

Мусулмандар, кудайга ишенгендер менен иштешүү максатынла Кыргызстанда Исламдын ата мекендик мектебин уюштуруу зарылдыгы келип чыккандыгын белгиледи.

“Кыргызстанда ар кандай мусулман жамааттары бар. “Таблиги жамаат” сыяктуу,  андан тышкары Бангладеш, Индия, Пакистан ж.б. жактан агылып келген агымдарга азгырылгандар кездешет. Ошондуктан Кыргызстанда исламдын ата мекендик мектебин түзүү маселеси бышып- жетилди” деди белгилүү диний эксперт.

Айжан Айтышева

Сүрөттө: белгилүү дин эксперти Икбол Мирсаитов. Автор тарткан. Икбол Мирсаитов: Ислам фобиясыбы же мусулман фобиясыбы?

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты