Абылгазиев: Инвесторлорго “оюндун эрежелери” белгисиз

Өкмөттө бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү кеңешинин жыйыны 18-октябрда болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча тышкы соода жүгүртүү 9,5%га, анын ичинде импорт – 15,0% өскөн.  

2019-жылдын 1-январынан тартып  экспортчуларга 3-5 жылдык мөөнөттө 8-10% менен 1 млрд сомдон жогору суммага жеңилдетилген насыялар сунушталат.

Азыркы учурда экспорттук-импорттук операцияларды каржылоо боюнча адистештирилген банк түзүү иштери жүрүүдө», – деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өзгөчө көңүл бургандай, бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу үчүн Өкмөт тарабынан:

— 2019-жылдын 1-январынан тартып 2 жылдык мөөнөттө 10 көзөмөлдөөчү орган тарабынан бизнести текшерүүгө мораторий киргизүү;

— ишкерлердин укуктарын коргоо үчүн бизнес-акыйкатчы институтун түзүү;

— бизнести тейлөө борборлорун түзүү;

— ишкерлик субъекттеринин жана мамлекеттик органдардын ортосундагы талаштарды Калыстар соту (Третей соту) аркылуу чечүүнүн альтернативалык механизмдерин киргизүү;

— инвесторлордун укуктарын коргоону күчтөндүрүү үчүн инвестициялар тууралуу мыйзамдарды кайра карап чыгуу пландалууда.

«Биз «эмне үчүн бизге ири инвесторлор келбейт?» деген суроону көп беребиз, жообу белгилүү – аларга «оюндун эрежелери» белгисиз. Эгерде бизнес чөйрөнүн ишеними болбосо, анда инвестициялардын агымы болбойт. Ошол эле учурда белгилей кетсек, ак ниет инвесторлор менен катар жоопкерчиликсиздери дагы бар», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Сүрөттө: Жыйын учуру. Өкмөттүн басма сөз кызматы тарткан.

Абылгазиев: Инвесторлорго “оюндун эрежелери” белгисиз

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты