#Шрам: “Күйөөм сабап, курсагымдагы 8 айлык балам чарчап калды” (Фоторепортаж)

#Шрам: “Күйөөм сабап, курсагымдагы 8 айлык балам чарчап калды” (Фоторепортаж)

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөсүнө ылайык, дүйнөдө ар бир үчүнчү аял өнөктөшү тарабынан физикалык же сексуалдык зомбулукка кабылат. Алардын басымдуу бөлүгү 15 жаштан 49 жашка чейинки курактагылар болгон. 

“ПолитКлиника” медиасы бул жолу “Шрам” аттуу фотодолбоорунда күйөөсү тарабынан көгала болуп сабалган 38 жаштагы Усенбаева Айзаттын окуясын баяндап берет. Баса, каарманыбыз учурда эки уулу менен Чолпон-Ата шаарындагы кризистик борбордо баш калкалап келет. Алар менен түзүлгөн келишими бүткөндөн кийин эки баласы менен кайда барып күн кечирерин ойлоп кейийт.

#Шрам: “Күйөөм сабап, курсагымдагы 8 айлык балам чарчап калды” (Фоторепортаж)

“Ырыскыбызды сатып, тапканын аракка жумшап ичти”

Каарманыбыз Айзат Ысык-Көл облусунда карапайым үй-бүлөдө туулуп өскөн. Беш бир туугандын үчүнчүсү. Мектепти аяктаган соң айылда эле ата-энесине жардам берип, ар кандай кара жумуштарда иштеп жүрүп, 2006-жылы ошол эле айылдык жигитке турмушка чыккан. Кудайдын буйругу менен 2007-жылы уулдуу болушат. Бирок, жолдошу бара-бара ичкиликке берилип кеткенин айтат Айзат:

Жолдошум аябай ичкиликке берилип кетти, үйдө бар буюмдарды сатып, тапканын аракка жумшап баштады. Мага кол көтөрбөгөнү менен ырыскыбыздын баарын сатып ичип калды. Аракечтигинин айынан 2011-жылы ажырашып тындык. Мен балам менен жалгыз күн кечире баштадым. Балам да тубаса шал оорусуна чалдыккан, жакшы кыймылдай албайт”. 

#Шрам: “Күйөөм сабап, курсагымдагы 8 айлык балам чарчап калды” (Фоторепортаж)

“Мага турмуштан бак айтпаптыр…”

Ошентип, биринчи турмушунан ажыраган соң, 2014-жылы экинчи уулунун атасына турмушка чыккан. 

“Мага ал турмушумдан да бак айтпаптыр. Тагдырдын жазмышы экен…ал да аракеч болуп чыкты. Ичип келгени аз келгенсип, баса калып бакыртып сабачу. Бир күнү уулум экөөбүздү кошуп, катуу сабады. Ал сабагандын эртеси тура албай, башым ооруп калчу. Ал адам ашыкча кыз жандуу да эле. Эсимде, бир күнү апамдын үйүнө кеткем. Сегиз айлык боюмда бар болчу. Апамдыкына барып эмнегедир жүрөгүм бир нерсени сезгендей тынч отура албай, кайра эле жолго чыктым. Келсем үйүбүздүн эшиги ачык. Эч нерсе оюмда жок эле кирсем, биздин төшөгүбүздө жолдошум башка келин менен жатыптыр. Мындай окуялар көп жолу кайталанган. Бул жолу жолдошум мени көгала кылып сабап салды. Анын айынан ичимдеги сегиз айлык балам чарчап калды. Кичүү уулума да кол көтөрүп, аны таштандыга ыргытып салган учурлары да болгон. Акыры 2018-жылы ал турмушумдан да ажырадым”, — деп эстейт ал күндөрдү Айзат. 

#Шрам: “Күйөөм сабап, курсагымдагы 8 айлык балам чарчап калды” (Фоторепортаж)

“Ал түрмөдө жатканда, телефон аркылуу таанышканбыз”

Ошентип, каарманыбыз Айзат башынан өткөн оор күндөрдү эскерип бирде көзүнө жаш алса, бирде ыйлап жатты. 

“Менин турмушум ушундай оор болот деп эч ойлогон эмесмин. Өзүм 2-топтогу майыпмын. Тагдыр экен, үчүнчү жолу турмушка чыктым. Бирок, бул турмушумдан да мага бак айтпаптыр”. 

#Шрам: “Күйөөм сабап, курсагымдагы 8 айлык балам чарчап калды” (Фоторепортаж)

Айзат бул жолдошу менен телефон аркылуу таанышып калгандыгын айтып берди:

“Бул жолдошум менен телефон аркылуу таанышкам. Телефондон мага сылык сүйлөп, бат эле арбап алды. Мени ар кандай сөздөр менен эркелетип, “Балдарың менен кошо өзүм эле багып алам. Сага да үй сатып берем. Бирок, биз баш кошсок чет өлкөгө барып жашайбыз” дечү. Чынында мен ага тез эле арбалып, жакшы көрүп “ии, бакыт деген ушул турбайбы, бактымды эми таптым” деп ойлодум ичимден. Биз телефон аркылуу сүйлөшүп жүргөндө ал түрмөдө экен. Жолугушууга түрмөгө дагы барып жүрдүм. Акыры ошол жерден расмий нике кыйдырып алдык. Чындыгында, түрмөдөн чыкканга чейин мага бир да жолу катуу сүйлөп, жаман сөз айткан жок. Чыккандан кийин гана анын чыныгы жүзүн көрдүм”. 

#Шрам: “Күйөөм сабап, курсагымдагы 8 айлык балам чарчап калды” (Фоторепортаж)

“Ал эшиктен эмес, терезеден кирип келди…” 

Биздин каарманыбыз бул турмушунан да жакшылык көрбөгөнүн, денесинен, бетинен көгала кетпей, кээде жашоого тоюп кеткендигин айтып жашып отурду. 

“Ал былтыр июнь айында түрмөдөн чыгып келди. Бир айдан кийин мени айылдагы үйүнө алып барды. Ал жерде эч ким жашабайт экен. Биз барган күнү үйүнө тааныштары келип, алар башка бөлмөдө сөгүнүп отурушкан. Мен арак ичип атышкан го деп ойлогом. Көрсө, алар арак эмес, наша чегип отурушуптур. Күйөөм алар менен кетип калды. Бир маалда эшиктен эмес, терезеден кирип келе жатканын көрүп аябай корктум. Ал күнү бети-башым көгала болгуча сабады. Кетейин десем кетирбей, бетимдин көгаласы тарагыча кармап отурду. Ошондон кийин сабаганды адат кылып алды. Жөндөн жөн эле кол көтөрүп сабай берчү. Бир күнү таң атканга чейин сабады. Таңга маал башым чыдатпай ооруп чыкты. Күйөөм ага да болбой үйдөн чыгарбай койду. Араңдан зорго кошунам менен байланышып, ал милиция чакырды”. 

#Шрам: “Күйөөм сабап, курсагымдагы 8 айлык балам чарчап калды” (Фоторепортаж)

“Коркконумдан үнүмдү чыгара албадым…”

Айзат жолдошу майыптыгы бар уулун кошо катуу сабагандан кийин милицияга кайрылганын айтат. 

#Шрам: “Күйөөм сабап, курсагымдагы 8 айлык балам чарчап калды” (Фоторепортаж)

“Милициядан чыгып, үйгө барсам сыртта жүрүптүр. Чындыгында андан корктум. Ал күнү эч нерсе болбогондой күндүз мени менен чогуу жүрдү. Кечинде көчөдө кечке сүйрөп жүрдү. Колумдан бекем кармап алып, “колуңду тартып алсаң, же элден жардам сурап кыйкырчу болсоң, өлтүрүп салам мен сени” деп коркутуп атты. Коркконумдан үнүмдү чыгара албадым. Түнкү саат 12лерде дүкөнгө алып барды. Ал жердеги апаны мени көрбөсүн деп колумдан тартып, үйгө алып келип бетке, ичке тепкилеп сабап жатты. Бир маалда ары жакта бир аял келе жаткан экен. Ошондо гана жолдошум качып кетти. Тиги аял болсо мени колумдан жетелеп, кафеге алып кирип “Ким сабады сени? Андай күйөө менен эмнеге жашайсың” деп урушуп милиция чакырды. Азыр ал алты жылга соттолду”, — деп каарманыбыз сөзүн аяктады. 

Автор: Кымбат Турдубекова 

Сүрөт: Инсан Бакиров

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты