Чуңкурчак жайлоосунда тарыхый ишмер Байтик баатырдын 200 жылдык мааракеси белгиленди (сүрөт)

  • 2 года мурун

Бүгүн, 31-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда саясий ишмер Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Жайлоодо 19-кылымдагы кыргыздардын көчмөн конушун чагылдырган боз үйлөрдүн этношаарчасы жасалды.

Иш-чаранын алкагында 1,5 миллион сомдук байге фонду менен жети багыт боюнча “Ынтымак” фестивалы өткөрүлдү.

Катышуучулар улуттук кийимдерди, тамак-аштарды, бийлерди тартуулашты. Ылдамдыкка боз үй тигүү жана аны жасалгалоо боюнча дагы сынак өттү.

Салтанат өлкөнүн бардык облустарынан келген чыгармачыл жамааттар тарабынан даярдалган ыр-күү жана төкмө акындардын өнөрлөрү менен коштолду.

Мындан тышкары, конокторго Байтик баатырдын төрөлүшү, анын түндүк кыргыздардын жол башчысы катары калыптанышы жана эгемендик үчүн күрөшү тууралуу театрлаштырылган пролог көрсөтүлдү.

Концерттик программадан соң 89 күлүк катышкан 31 чакырымдык ат чабыштын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.  Ат чабыштын жеңүүчүсүнө борбор калаадан бир бөлмөлүү батир белекке берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты