Кол өнөрү менен жан баккан үй-бүлө

Кол өнөрү менен жан баккан үй-бүлөАт-Башы  районунун Бирлик айылынын тургуну Ишенбүбү Турганбаева жолдошу Эркинбек Көбөгөнов менен бирге кол өнөрчүлүк менен алектенип, бир жагынан улуу өнөрдү аркалап, экинчи жагынан үйүнө ырыс, кут кондуруп, үй-бүлөсүн багып келишүүдө.   

Кол өнөрчү Ишенбүбү Турганбаева өзү тууралуу буларды айтып берди:

—Мен Кыргыз мамлекеттик университетинин тарыхКол өнөрү менен жан баккан үй-бүлө факультетин бүтүргөн жогорку билимдүү мугалим болуп иштечүмүн. Ак-Моюн айылындагы А.Койчуманов атындагы орто мектепте тарых сабагын окутчумун. Айыл жергесинде мугалимдиктен тышкары өнөрүң болсо да кор болбойсуң. Кыйын заман келгенде мен кол өнөрчүлүк жагына өттүм. Кол өнөрүнө шыгым болгону менен, абышкам Эркинбек Көбөгөнов сүрөтчү болбогондо, анчалык алыска бара албайт элем. Чий кармаганда анын сүрөттөрүнүн баарын абышкам тушүрүп берет. Чийге мамлекетибиздин символдорун—желегинин, гербинин сүрөтүн түшүрүп, арзаныраак баада кардарларга сунуш кылсак, илгиртпей алып кетишет. Ошондой эле чийге Манастын жана башка эпос каармандарынын сүрөттөрүн түшүрүп сатып жатабыз.

Үй-бүлөбүз менен, уулдарыбыз  Марат, Майрамбек, келиндерибиз Ариет, Наргиза, кызыбыз Назира болуп, баарыбыз эле кол өнөрчүлүк менен алектенебиз. Мындайча айтканда, кол өнөрчүлүк биздин үй-бүлөлүк бизнесибиз. Боз үйдү бүт жасалгасы менен келиштирип жасайбыз. Тээ, Манастын 1000 жылдыгы өткөрүлгөндө да боз үйүбүздү тиккенбиз. Боз үйдүн жасалгасынан баштап тигип, орнотконуна чейин Эркинбек экөөбүз мастер-класс өткөрүп турабыз, — деди Ишенбүбү Турганбаева.

Айыл жергесинде кол өнөрчүлүк менен алектенүү сыймыктуу, киреше булагын алып келген өнөр. Бул өнөрдү аркалаган Көбөгөнов Эркинбек менен Ишенбүбү Турганбаеванын үй-бүлөсү Бирлик айылынын куттуу бүлөсү.

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты