Жапаров: Салык, бажы төлөмдөрүнө көзөмөлдү күчөтүп, өлкө казынасын толтуруу аракеттерибиздин үзүрүн көрө баштадык

  • 2 года мурун

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешеси 122 млрд сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 49,5 пайызга көп. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жаткан Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанатта билдирди.

«Ошентип жүргүзүлүп жаткан каржылык-экономикалык саясаттын негизинде ушул жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, бюджеттик чөйрөдө, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү, калкты социалдык жактан камсыздоо жана башка чөйрөдө эмгектенген кызматкерлердин айлык маянасын сезилерлик көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Өлкөнүн саясий-экономикалык туруктуулугун камсыз кылууда социалдык тармактагылардын эмгек акыларын көтөрүү жана пенсия, жөлөкпулдардын көлөмүн көбөйтүү аракети абдан маанилүү экенин жакшы билесиздер», — деди мамлекте башчысы өз сөзүндө.

Жапаров айрым категориядагы жарандардын социалдык жөлөкпулдарынын өлчөмү 100 пайыздан 200 пайызга чейин жогорулаганын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты