«Улут абийири» наамы Улан Эгизбаевге ыйгарылды

Салижан Жигитов атындагы «Улут абийири» наамына 2018-жылы татыктуу деп чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев  (каза болгондон кийин)  тандалган. Бугүн, 18-октябрда  сыйлыкты ыйгаруу аземи өттү. Улан Эгизбаевдин наамы ата-энесине тапшырылды.

Аталган сыйлык «РухЭш» сайтынын «Чеч Дөбө» кеңешинин чечими менен ыйгарылды. Наамды ыйгаруу аземи бүгүн,  18-октябрда  Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө болуп, «Улут абийри» наамы Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине тапшырылды.

“Улут абийири” наамынын былтыркы жылдагы лауреаты белгилүү публицист Нарын Айып болгон. Ошондой эле Ишенбай Абдуразаков атындагы “Руханий эш” наамы белгилүү профессор Эмил Шүкүровго ыйгарылып, эки лауреатка тең статуэтка, диплом жана 100 000 (жүз миң) сомдон тапшырылган.

Быйылкы жылы мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков атындагы «Руханий эш» наамына эч ким көрсөтүлгөн  эмес.

«Улут абийири» наамы Улан Эгизбаевге ыйгарылды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты