Ошто аскерден качкан жигитти 22 жылдан кийин соттошту

Ошто аскерден качкан жигитти 22 жылдан кийин соттоштуОш шаар соту 1996-жылы кызматын өтөп жатып, аскердик бөлүктөн качып кеткен Бахтияр Акбаров аттуу адамды аз күн мурда үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Аскер прокуратурасы аны 22 жылдан кийин – 2018-жылы кармап, “аскерден качуу” беренеси менен айыптаган.

Аскерден качкан адам сотто күнөөсүн мойнуна алып, жазасын жеңилдетүүнү суранды. Ал чала тоюттуктан улам аскерден качканын айткан. “Аскерге мени Кант шаардык аскер комиссариаты чакырган. Курсагым тойбогондуктан бир жылдан кийин качып кеттим. Бирок бул кылыгыма өкүнүп, кайра барсам киргизбей коюшту”, — деди сотто Бактиар Акбаров.

Ал Ош шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты