Керчтеги кыргын: каза болгондордун саны 20 га жетти

Россия аннексиялаган Крымдын Керчь шаарындагы политехникалык колледжде болгон жардыруу жана атышуудан 50 дөй адам жабыркады, акыркы маалыматтарда каза болгондордун саны 20 га жеткени айтылууда. Он адам реанимацияда, оор абалда.

ТАСС агенттигинин билдирүүсүнө караганда, Керчтеги политехникалык институттагы жардыруудан 50 адам жабыркап, акыркы маалыматтарда каза болгондордун саны 20 га жеткени аныкталды.

Болжолдуу маалыматка караганда жардыруу жана аткылоону 4-курстун студенти Владислав Росляков жасаган.  Массалык кыргын уюштургандан кийин студент китепканадан жанын кыйган.  Жанында курал-жарак жана 150 патрону болгон.

Каза болгондордун бардыгынын аты-жөнү такталды. 14 студент, алардын алтоо өспүрүм куракта, калгандары колледждин кызматкерлери.  .

Ал эми массалык кыргын кылган студент жоош, эч кимге жамандыгы жок бала болчу деп айтылууда.  Жардыруу жана ок атуунун себептери иликтенүүдө. Болжолдуу маалыматка караганда массалык теракт уюштурган студент окутуучуга нааразы болгондугу да себепчи экени айтылууда.

Керчтеги кыргын: каза болгондордун саны 20 га жетти

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты