Эки министрликти башкаруу статс-катчыларга жүктөлдү

Эки министрликти башкаруу статс-катчыларга жүктөлдүПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин статс-катчы Бактыбек Секимов аткарууда. Мурдагы министр Султан Жумагулов 8-октябрда узак оорудан дүйнө салган.

Өкмөт башчы кол койгон дгы бир буйрукка ылайык, эмгек жана социалдык өнүгүү министринин милдетин аткаруу статс-катчы Каныбек Абдиевге жүктөлдү. Аталган министрликтин жетекчиси Таалайкүл Исакунова менен үч орун басары тең саякат чырына байланыштуу кызматтан кеткен. Таалайкүл Исакунова менен Лунара Мамытова эл өкүлү Аида Касымалиеванын айыптоолорунан кийин кызматтан алынса, дагы бир орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын аэропортундагы окуядан улам иштен алынган. Дагы бир орун басар Жылдыз Полотова өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз жазган. Ошондон бери бул орундар бош турат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты