Крымдагы жардыруу курмандыктары өсүүдө

Крымдагы жардыруу курмандыктары өсүүдөСоңку маалыматтар боюнча, Крымдын Керч аймагындагы коллежде болгон жардыруудан каза тапкандардын саны 19га жетти. Орус маалымат каражаттары жазышынча, мындан тыш 50гө жакын киши түрдүү жаракат алган.

Теракт жасады деп шектелип жаткан 22 жаштагы студент өзүн-өзү өлтүргөн. Ал коллеждин имаратына курал менен келип, ок атканы да кабарланууда.

Жардыруу окуу жайдын ашканасында болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Президент Владимир Путин жаракат алгандарды өлкөнүн эң алдыңкы медициналык борборлоруна жеткирүүнү тапшырды. Керчь шаарында үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты