Баткенде жол кырсыгынан 23 адам жабыркады

Баткенде жол кырсыгынан 23 адам жабыркадыБаткен жана Лейлек райондорун байланыштырган жолдо жүргүнчү ташыган кичи автобус менен жүк ташыган унаанын кагылышуусунан бир адам каза таап, жыйырмадан ашуун киши жабыркады.

Кырсык 18-октябрда түштөн кийинки үчкө жакын, Ош-Баткен-Исфана жолунун 284-чакырымында, Баткен районунун Ак-Татыр айылынын аймагында болгон. Облустук акимчиликтен ырасташкандай, Ош-Исфана багыты боюнча бараткан жүргүнчүлөрдү ташуучу Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү кичи автобус менен Исфана-Бишкек багыты боюнча бараткан жүк ташуучу Мерседес-Спринтер унаасы кырсыкка кабылган.

Кырсыктан жабыркаган 22 адам Баткен облустук ооруканасына жаткырылды. Алардын бешөө оор абалда жандандыруу бөлүмүндө, эки адамга амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Жол кырсыгынан жабыркаган жарандардан облус башчысы Абиш Халмурзаев кабар алып, тийиштүү жетекчилер менен чукул жыйын өткөрдү. Анда жабыркаган жарандардын саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон бардык чараларды ыкчам көрүү боюнча тапшырмалар берилди. Облус башчы ошондой эле жол кырсыгынын себептерин дыкат иликтөө менен мындай оор кырсыктардын алдын алуу боюнча иш алып барууну жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн мекемелерге тапшырды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты