Чыңгыз Айдарбеков министрликке дайындалды

Чыңгыз Айдарбеков министрликке дайындалдыПрезидент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык,  Чыңгыз Айдарбеков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жогорку Кеңеш бүгүн бул кызматка сунушталган Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин бир добуштан колдоп берген. Башкача айтканда, добуш берүүгө катышкан 101 депутаттын баары тең ага «макул» деген.

Айдарбековдун талапкерлигин сүрөп, парламентке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү келген. Мыйзамга жараша, өкмөт мүчөсү иштен кетсе премьер-министр жаңы талапкерди парламентке сунуштап, Жогорку Кеңештин чечиминен кийин гана президент жарлык чыгарат.

41 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын Эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча аяктаган. 1998-2008-жылдары ТИМ системасында атташе, катчы, бөлүм жетекчиси болуп иштеген. Кыргызстандын Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болгон.

2011-жылы президенттик аппараттын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, 2012-2016 жылдары Жогорку Кеңештин аппаратында протокол бөлүмүнүн жетекчиси кызматтарын аркалаган. 2016-жылдын апрелинен бери Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болуп иштеп келди.

Буга чейинки министр Эрлан Абдылдаев өткөн аптада өз каалоосу менен иштен кеткен. Ага Түштүк Кореядагы мурдагы элчи Кылычбек Султан экөөнүн ортосундагы чыр жана аны иликтеген Коопсуздук кеңешинин корутундусу себеп болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты