Тажикстан автобус чыгарчу завод курат

Тажикстан автобус чыгарчу завод куратТажик парламентинин ылдыйкы палатасы жүргүнчү жана жүк ташыган коомдук транспорт чыгарчу заводдун курулушун каржылоо келишимин жактырды. Бул келишимге быйыл августта тажик өкмөтү менен «Авесто Гурух» ишканасынын жана Түркиянын UlasimIcVeDisTicaretAnonimSirketi компанияларынын ортосунда кол коюлган.

Завод үчүн 20 миллион доллар керектелип, аны тажик жана түрк компаниялары тең ортодо —  10 миллион доллардан инвестициялайт.

Заводдо адегенде 240 жумушчу иштеп, келишимге жараша анын 80 пайызы Тажикстандын жарандары болууга тийиш. Завод бир жылдан кийин, 2019-жылдын күзүндө ишке кирип, жылына 300 автобус жана жүк ташыган унаа чыгарып турат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты